Кадамжай районунун Сырт айылында 130 орундуу жаңы бала бакча ачылды (фото)
Кадамжай районунун Сырт айылында заманбап шарттары бар “Чабалекей-Сырт” балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, район акими Болоткан Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.
130 орунга ылайыкташкан бала бакча буга чейин эски мектептин имараты болуп келген. Объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жаңы мекеме Сырт, Ынтымак жана Жаңы Сырт айылдарынын балдарын кабыл алат.
Бала бакчада 7 тарбиячы эмгектенет, мекеме бардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган — жылуулук системасы орнотулуп, ашкана, уктоо жана оюн ойноочу бөлмөлөрү заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери ашар жолу менен жүргүзүлүп, ага жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөр салым кошушту. Мындан тышкары айыл өкмөтү тарабынан 650 миң сом, ал эми райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунан кошумча каражат бөлүнүп, жалпы долбоордун наркы 12 миллион сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Сырт айылынын тургундары балдарын мектепке чейинки тарбия алуу үчүн кошуна айылдарга же Айдаркен шаарына алып барып жүрүшкөн. Эми жаңы бала бакчанын ачылышы менен көйгөй чечилип учурда 120 бала кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















