АКШда үч кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, эки жаран каза тапты
АКШнын Индиана штатында үч кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, эки жигит каза болду. Үчүнчүсүнүн абалы оор болуп, ооруканада экени айтылды.
АКШдагы кыргыз диаспорасы каза болгон жарандардын биринин сөөгүн мекенге жеткирүүгө, экинчисин Индианада жерге берүү жана үчүнчүсүнүн дарылануу чыгымдарын жабуу үчүн каражат чогултууну жарыялады.
Бул окуяны Тышкы иштер министрлиги да тастыктады.
"Кырсык болгон учурдан тартып Чикаго шаарындагы Башкы консулдук каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатат. Мындан тышкары жергиликтүү укук коргоо органдары жана ритуалдык кызматтар менен байланыш түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, учурда АКШнын тиешелүү органдары менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле каза болгон жарандын сөөгүн мекенге жеткирүүгө байланышкан зарыл иштер жүргүзүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















