Дуров Cocoon аттуу децентралдаштырылган эсептөө тармагын ишке киргизерин жарыялады
Telegram мессенжерин негиздеген ишкер Павел Дуров Cocoon аттуу децентралдаштырылган эсептөө тармагын ишке киргизерин жарыялады. Бул тармактын негизин жасалма интеллект жана TON блокчейни түзөт. Бул тууралуу Odaily кабарлады.
Дуровдун айтымында, платформа ушул жылдын ноябрь айында ишке кирет. Бул долбоор графикалык процессорлордун ээси болгондорго TON майнинги үчүн эсептөө кубаттуулугун берүү, иштеп чыгуучуларга колдонмолорду жеткиликтүү жасалма интеллект эсептөөлөрүнө туташтыруу, жана колдонуучуларга толук купуялуулук менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Ишкер белгилегендей, Telegram мессенжери блокчейн, жасалма интеллект жана социалдык тармактар боюнча иштейт.
Дуров ошондой эле борборлоштурулган ЖИ платформалары көп учурда колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуп, колдонорун белгилеп, Cocoon долбоору децентрализация жана купуялуулук принциптерине негизделген альтернатива катары түзүлөрүн айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















