super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кремль СССР ыдырагандан кийин мамлекеттер ортосундагы байланыштар сакталып калганын билдирди

 

СССР тарагандан кийин көптөгөн жаңы мамлекеттер пайда болгонуна карабастан, элдердин өз ара байланышы сакталып келүүдө. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"Көптөгөн көз карандысыз мамлекеттер түзүлдү, бирок элдер ошол эле бойдон калды. Элдердин ортосундагы гармония, тарыхый тамырлар жана өз ара пайда сакталып калды", — деди ал.

Песковдун айтымында, Орусия мурдагы СССР республикалары менен достук мамилелерди сактоого кызыкдар.

Мунун алдында Орусия президенти Владимир Путин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өзүнүн маанисин, анын ичинде гуманитардык багытта да жоготпогонун белгилеген. Ал ошондой эле СССР мезгилинде жаралган атаандаштык артыкчылыктарды сактап калуу маанилүү экенин жана бул милдет КМШга жүктөлөрүн баса белгилеген.

Ошондой эле Путин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин декабрь айынын аягында Санкт-Петербург шаарында өтө турган бейрасмий саммитке чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: