Nvidia компаниясы дүйнөдө алгачкылардан болуп рыноктук баасын 5 триллион долларга жеткирди
Бүгүн, 29-октябрда NASDAQ биржасында соода ачылган соң америкалык технологиялык корпорация Nvidia акциялары 5 пайызга жогорулады. Анын рыноктук баасы 5,01 триллион долларга жетти. Муну менен Nvidia дүйнөдө 5 триллион доллар чегинен өткөн алгачкы компания болду.
Акциялары акыркы бир нече жылда жасалма интеллект үчүн чиптерге жогорку суроо-талапка байланыштуу активдүү өсүүдө. Акыркы апталарда компания тарабынан жарыяланган бир катар ири келишимдер да акциялардын өсүшүнө өбөлгө түздү. 28-октябрда Nvidia финляндиялык Nokia компаниясына 1 миллиард доллар инвестиция салууну пландап жатканын жарыялады.
Буга чейин компания OpenAI'га 100 миллиард доллар жана Intel'ге 5 миллиард доллар инвестиция салууну билдирген. Акыркы бир ай ичинде Nvidia акциялары 15 пайызга өсүп, 2025-жылдын башынан бери 55 пайыздан ашык өсүү көрсөттү.
Cumberland Advisors консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү Дэвид Котактын пикиринде, 5 триллион долларлык рыноктук баа компанияга болгон жогорку күтүүлөрдү да билдирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















