super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Суданда террорчулар төрөт үйүнө кол салып, 460тан ашык адам каза тапты

 

Суданда террордук уюм төрөт үйүн басып алып, бардык дарыгерлер менен бейтаптарга кол салды, жалпы 460тан ашык адам каза болду. Бул тууралуу Bild басылмасы кабарлады.

Маалым болгондой, 2025-жылы гана Судандагы террордук уюм медициналык мекемелерге 49 жолу кол салган, натыйжада 966 адам өлгөн.

Бул окуя Түндүк Дарфур штатынын борбору Аль-Фаширдеги Сауд төрөт үйүндө болгон. Кылмышкерлер шаарды өкмөттүк күчтөр менен бир жарым жылдык кагылышуудан кийин 25-26-октябрда басып алышкан. Судандын медициналык тармагынын маалыматы боюнча, шаар басып алынып жатканда террорчулар 1500дөн кем эмес куралсыз жарандарды өлтүргөн, анын ичинде качууга аракет кылгандар да бар. Бул маалымат азырынча толук тастыктала элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Судандагы бир жарым жылдык согушта 185 медициналык мекемеге кол салуу катталган, натыйжада 1204 адам каза таап, 416 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2025. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперге эч ким деле пикир жазбай калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: