Трамп Түштүк Кореяга атомдук суу астында жүрүүчү кеме курууга уруксат берди
Түштүк Корея АКШдан атомдук суу астында жүрүүчү кеме курууга уруксат алды. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Мен аларга азыркы эскирген дизелдик суу астында жүрүүчү кемелерди эмес, атомдук суу астында жүрүүчү кеме курууга уруксат бердим",- деп жазган ал.
Андан тышкары, америкалык лидер Сеул АКШнын тарифтерин төмөндөтүү үчүн 350 миллиард доллар төлөөгө макул болгонун белгилеген.
Түштүк Корея ошондой эле америкалык мунай менен газды көп өлчөмдө сатып алууга макул болгонун республикачы кошумчалаган.
"Түштүк Кореянын бай компаниялары менен ишкерлеринин өлкөбүзгө инвестициялары 600 миллиард доллардан ашат. Биздин аскердик альянсыбыз мурдагыдан да күчтүү",- деп баса белгилеген ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















