Вэнс Ак үйдө Зеленский менен болгон чыр-чатакка комментарий берди
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украинанын башчысы Владимир Зеленский Ак үйдөгү чыр-чатактан кийин өзгөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал The New York Post гезитине берген маегинде билдирди.
Вэнс ошол учурда Зеленскийдин оройлугуна таарынбаганын, бирок Украина лидери кийин өзгөрүлгөнүн белгилеген.
"Биз бардыгын өзгөрттүк",- деген ал.
Белгилей кетсек, Ак үйдөгү чыр-чатак 28-февралда Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн келгенде башталган. Сүйлөшүү учурунда экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, ал чыр-чатакка айланган. Натыйжада, Зеленский Ак үйдөн эрте чыгып кеткен жана жолугушуудан кийинки басма сөз жыйыны жокко чыгарылган. Бул жолугушууга Венс да катышкан. Ал болгон жагымсыз окуяга украин башчысын айыптаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















