"Токтот!" Ташиев Садыр Жапаров Көлбаевге эскертүү бергенин айтты
Президент Садыр Жапаров маркум Камчы Көлбаевди чакырып, "кылмыштуу ишиңди токтот!" деген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 29-октябрда өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Атайын кызматтын башчысы өлкө башчы кримтөбөлгө эскертүүнү аткарбаса чара колдонуларын айтканын белгиледи.
"Ал "ой, болду, биз эч нерсе кылбайбыз" деп жүрүп, кайрадан күчөп кетти",- деди ал.
Буга чейин УКМК башчысы 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Көлбаевди жок кылуу чечимин кабыл алууга аргасыз болгонун айткан. Ал мындай чечимге мамлекет үчүн барганын билдирип, ошол учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор күч алып, атүгүл бийлик бутактарына чейин кулач жайып кеткенин белгилеген.
Эки күндөн кийин Ташиев журналисттер айткандарын туура эмес жеткирип жатканын айтып, Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди. Ал Көлбаевди Дөө Чыңгыздын өлүмүнө байланыштуу иликтөөгө алып келиши керек болгонун, ошол учурда кримтөбөл каршылык көрсөтүп ок атканын, мындан улам "Альфа" кызматкерлери да ок чыгарууга аргасыз болушканын айткан болчу.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып, Камчыбек Ташиев орус тилинде сүйлөгөнү үчүн оюн так жеткире албай калганын билдирген. Өлкө башчы кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылууда эч кимдин буйругу жок болгонун, ал куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ок чыгарууга мажбур болушканын айткан.
Белгилей кетсек, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















