super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ташиев ага ыйлап келген министрди ким коркутканын ачыктады (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ага ыйлап барган министрди маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев коркутканын ачыктады.

"Отурсам, телефонума видео чалуу келди. Алсам, ары жагында Көлбаев турат" дейт. Ал "ушул жумуштарды бүтүрбөй турган болсоң, эртең азабын тартасың" деген. Ыйлап келди, мага ыйлап келди. "Мен кетем, арызымды азыр жазам" деди. Мен "жок кетпейсиң, сага мен жооп берем, иште" дедим. Анан биз чара көрүүгө милдеттүү болдук",- деди Ташиев кечээ, 29-октябрда өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси 2 жыл мурун ага бир министр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жатканын айтып ыйлап келгенин айтып берген. Бирок анда Камчы Көлбаевдин аты аталган эмес болчу.

Эске салсак, Ташиев 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Көлбаевди жок кылуу чечимин кабыл алууга аргасыз болгонун айткан. Ал мындай чечимге мамлекет үчүн барганын билдирип, ошол учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор күч алып, атүгүл бийлик бутактарына чейин кулач жайып кеткенин белгилеген.

Эки күндөн кийин Ташиев журналисттер айткандарын туура эмес жеткирип жатканын айтып, Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирген. Ал Көлбаевди Дөө Чыңгыздын өлүмүнө байланыштуу иликтөөгө алып келиши керек болгонун, ошол учурда кримтөбөл каршылык көрсөтүп ок атканын, мындан улам "Альфа" кызматкерлери да ок чыгарууга аргасыз болушканын айткан болчу.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып, Камчыбек Ташиев орус тилинде сүйлөгөнү үчүн оюн так жеткире албай калганын билдирген. Өлкө башчы кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылууда эч кимдин буйругу жок болгонун, ал куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ок чыгарууга мажбур болушканын айткан.

Белгилей кетсек, маркум Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.






Ташиев ага ыйлап келген министрдли ким коркутканын ачыктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: