9 жылдык ажырым... Акын Акматбек Султан уулунун ата-энеси Кыргызстанга келди
Акын Акматбек Султан уулунун ата-энеси алгачкы жолу Кытайдан Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда анын жакындары маалымдап, сүрөт менен бөлүшүштү.
"Эл булбулу Элмирбек Иманалиев агайыбыздын жубайы, кең пейилдүү Нурзат жеңебиз үйүнө ак дастарконун жайып, белек-бечкегин даярдап сыйын көрсөттү. Бул күнгө биз да ырыскылаш болдук. Акмат агабыздын ата-энеси жөнөкөй, пейили таза, баарын болгонундай сүйлөгөн жакшы инсандар экен. Уулунун арты менен көрүп жаткан сыйларына жетине албай жатышкандарын көрүп кубанат экенсиң", - деп белгиленген билдирүүдө.
Акматбек Султан уулу 1990-жылдын 20-октябрында Кытай Эл Республикасындагы Кызыл -Суу кыргыз автономиялуу облусунун Улуучат ооданынын Терек айылында туулган. Ала 2021-жылы SUPER.KG порталына маек берип, саясий абалдан улам Кытайга бара албай, ата-энесин 4 жылдан бери көрө электигин билдирген.
Андан бери дагы төрт жыл өтүп, эми Бишкекте жолугуп отурат. Бул арада акын Эл аралык айтыштарда алдыңкы орундарды алып, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга, сыйлуу конокторду тосуп алуу салтанаттарында катышып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















