super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кариб деңизине жеткен "Мелисса" бороону болжолдуу 50дөй адамдын өмүрүн алды

 

28-октябрда Кариб деңизине жеткен тарыхтагы эң күчтүү бороондордун бири "Мелиссанын" кесепетинен кеминде 49 адам каза болду деп билдирет чет элдик басылмалар.

Маалыматка ылайык, Гаитиде 40 адам каза болуп, дагы 10 адам дайынсыз болуп жатат. Ямайкада 8 адам, Доминикан Республикасында 1 адам каза болуп, дагы 1 киши дайынсыз жоголгон.

"Мелисса" бороону Куба, Ямайка жана Гаитини чоң кыйроолорго алып келди. Табият кырсыгынын айынан миңдеген адамдар электр энергиясынан ажырап, айрым аймактагы жергиликтүүлөр эвакуацияланды.

Бул бороон Атлантика тарыхындагы эң күчтүү урагандардын бири болуп эсептелет. Ал 28-октябрда Ямайкага "Саффир–Симпсон" шкаласы боюнча бешинчи, эң жогорку категориядагы бороон катары келген. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда саатына 295 чакырымга чейин жеткен.

Кубанын жээгине жакындаганда "Мелисса" үчүнчү категориядагы бороонго айланып, 29-октябрда өлкөдөгү баш калкалоочу жайларда 735 миңдей адам калган. Азыркы учурда бороондун күчү экинчи категорияга чейин төмөндөгөн.

29-октябрдын ортосунан тарта бороон Түштүк-Чыгыш Багам аралдарына таасир эте баштаган. Болжол менен бүгүн, 30-октябрда "Мелисса" Бермуд аралдарынын батыш жагынан өтөт деп күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: