super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШ 30 жылдан кийин кайрадан өзөктүк курал сыноолорун баштайт

 

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө 30 жылдан ашык убакыттан бери токтотулуп келген өзөктүк курал сыноолорун кайра жандатуу боюнча буйрук берди. Ал бул чечимди Орусия жана Кытай өзөктүк программаларын күчөтүп жатканын жүйө келтирип негиздеди. Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө "башка державалар тең ата сыноо жүргүзүп жаткан шартта АКШ да өз программасын башташы керек" деп белгиледи.

АКШ акыркы жолу 1992-жылы Невададагы жер астындагы полигондо "Divider" аттуу сыноону жүргүзгөн. Трамп жаңы чечими менен көп жылдык мораторийди практикада жокко чыгарып, процессти дароо баштоо керектигин айтты. Президенттин айтымында, Кытайдын өзөктүк потенциалы беш жыл ичинде АКШ деңгээлине жакындайт.

Трамп сыноолор кандай форматта өтөрүн так айткан жок. Ал өзөктүк куралдардын "өлчөөсүз кыйратуучу күчүнө" карабастан, АКШнын арсеналын жаңыртуу "жалгыз жол" болгонун белгиледи. Невададагы сыноо полигону бүгүн да федералдык өкмөттүн карамагында жана талап кылынса кайра колдонууга даяр экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: