super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлчөгө расмий түрдө шаар макамы берилди

 
Кечээ, 29-октябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагына расмий түрдө шаар макамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Жантаев Гүлчө шаарына макам берилиши Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгилеп, Алай районунда жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын алкагында “Гүлчө шаары” деген жазуусу бар стелланын ачылышы болуп өттү жана аймактык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Ал эми алдыда облустук өнүктүрүү фондунан Гүлчө шаарына дагы эки атайын техника сатып берилерин облус жетекчиси маалымдады.
Эске салсак, Гүлчө айыл аймагына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам 25-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Көп өтпөй өлкө башчысы Садыр Жапаров мыйзамга кол койду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: