Nvidia дүйнөдөгү биринчи 5 триллион долларлык компания болду
АКШнын Nvidia технологиялык компаниясы тарыхта биринчи болуп 5 триллион долларлык рыноктук баага жетти. Жасалма интеллект чиптерине болгон рекорддук суроо-талап компанияны дүйнөдөгү эң кымбат фирмага айлантты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Nvidia’нын акциялары 5,6 пайызга өсүп, инвесторлордун жасалма интеллект индустриясына болгон ишенимин дагы бир жолу тастыктады.
Компания азыр Microsoft жана Apple сыяктуу технология лидерлерин артта калтырып, дүйнө экономикасында өзгөчө орунду ээледи. Аналитиктердин айтымында, Nvidia’нын ЖИ процессорлору дүйнөлүк базарда стратегиялык мааниге ээ болуп, өкмөттөр жана корпорациялар арасында жоопкерчиликтүү атаандаштык жаратууда.
Ошол эле учурда айрым финансылык институттар жасалма интеллект секторунда көбүк жаралышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бирок Nvidia башчысы Женсен Хуанг компания алдыда ЖИ чиптерине миллиарддаган долларлык буюртма күтүп жатканын билдирип, бул тармак дагы өсө турганын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















