Трамп менен Си Цзиньпиндин Пусан шаарында жолугушуусу башталды (видео)
Бүгүн, 30-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Түштүк Кореянын Пусан шаарында жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелерди жана өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.
"Пекин менен Вашингтон көп маселе боюнча орток пикирге келди. Саммиттин жүрүшүндө бул ишти улантабыз. Төрага Си өлкөнүн улуу лидери. Экөөбүздүн мамилебиз узак убакытка созулат деп ишенем",- деп билдирген Трамп.
Ал эми Си Цзиньпин эки өлкө бир тараптуу орток чечимге келишкенин белгилеп өткөн.
"Айрым пикир келишпестиктер сөзсүз болот. Дүйнөдөгү эң ири эки экономиканын ортосунда мезгил-мезгили менен түшүнбөстүк болуп турганы кадыресе көрүнүш",- деген Кытайдын төрагасы.
Пусан шаарында Си Цзиньпин менен Дональд Трамп жолугушуусу башталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















