super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Биринчи дүйнөлүк согуштун жоокерлеринин каттары 100 жылдан кийин Австралиянын жээгинен табылды

 

Австралиянын Батыш Австралия штатына караштуу Уортон пляжында Браун үй-бүлөсү Биринчи дүйнөлүк согушка кеткен эки аскердин жазган каттары салынган бөтөлкөнү 100 жылдан кийин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, бөтөлкөдө калем менен жазылган эки кат болгон. Каттар 1916-жылдын 15-августунда 27 жаштагы Мэлком Невилл жана 37 жаштагы Уильям Харли тарабынан жазылган. Эки аскер Австралиядан чыгып, Франциядагы окопторго барыш үчүн HMAT A70 Ballarat кемесинде болчу. Невилл бир жылдан кийин согушта каза болсо, Харли эки жолу жарадар болгон, бирок тирүү калган.

Бөтөлкө 100 жыл бою кумдун арасында сакталып калган. Браун үй-бүлөсүнүн мүчөсү Деб Браун бөтөлкө көп убакыт деңизде эмес, кумдардын арасында жашынып калган деп эсептейт. Каттарды үй-бүлө эки аскердин туугандарына жиберишти. Бул табылга табышмак сыяктуу сезилип, Невилл менен Харлинин туугандары аны "керемет" деп баалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: