super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда электрондук акча жүгүртүү өнүктү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "E-commerce EXPO Central Asia 2025" электрондук коммерция боюнча эл аралык форумдун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн белгиледи, ал экономикалык өнүгүүгө, анын ичинде инвестициялык ишмердүүлүккө күчтүү түрткү берет, экономикада олуттуу структуралык өзгөрүүлөрдүн себеби болуп саналат.

"Кыргызстан үчүн электрондук соода жөн гана жаңы сектор эмес, экономикалык өсүштүн жана аймактык жана глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоонун күчтүү куралы болуп калды. Акыркы жылдары биз онлайн-сатуулардын, санариптик төлөмдөрдүн тез өсүшүн, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн электрондук экономикага катышууну жеткиликтүү кылган логистикалык жана финансылык инфраструктуранын өнүгүшүн байкап жатабыз",- деди ал.

Ошондой эле электрондук коммерция паркы иштелип жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: