Дональд Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктады
Пусанда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эки лидер жолугушуудан кийин чогуу чыгып, кыскача баарлашып, кол алышты. Жолугушуу бир жарым сааттан ашык убакытка созулган.
Сүйлөшүүлөр Гимхэ аэропортунун жанындагы авиабазада өттү. Америкалык делегациянын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, казыначылык катчысы Скотт Бессент жана соода өкүлү Жеймисон Грир болду.
Лидерлер соода, ядролук коопсуздук жана аймактык туруктуулук маселелерин талкуулашты.
Бир саат 40 мүнөткө созулган жолугушуудан кийин эки лидер тең биргелешкен билдирүү жасабастан сүйлөшүү бөлмөсүнөн чыгып кетишкен. Трамп көп өтпөй Air Force One учагына отуруп, АКШга учуп кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-10-29
15:55
2025-10-28
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















