ИИМ Атазовдун үйүн тинтүү тууралуу тараган видео боюнча билдирүү жасады
Интернет тармагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө өткөрүлгөн тинтүү тууралуу видео тарады. Ички иштер министрлиги бул эски видео экенин билдирди."Бул видео актуалдуу эмес жана тасмадагы көрүнүштөр 2025-жылдын июнь айында болгон тергөө иш-аракеттерине тиешелүү. Ал иш-чаралар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда Атазовго карата эч кандай процессуалдык аракеттер жүргүзүлгөн жок",- деп белгиленет маалыматта.
Мекеме эски материалдардын таралышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















