super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акыйкатчы эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен баарлашты

 
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушту.
Анда сунушталып жаткан өлүм жазасын кайра кайтаруу жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунан чыгуу демилгеси талкууланды.
Акыйкатчы аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын 30 пайызга көбөйүп жатканын айтты. Ошону менен 2024-жылы институтка келип түшкөн кайрылуулардын 64,1 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгонун белгилеп өттү.
Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө, тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”,- деп белгиледи акыйкатчы.
Жаманбаева Акыйкатчы институту өлүм жазасын кайтаруу боюнча сунуштарга өзүнүн пикирин 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сотко кайрылып, өлүм жазасына тыюу салууну кайра карап чыгууну сунушташканда билдиргенин айтты. Андан бери институттун бул маселеге көз-карашы өзгөрбөгөнүн белгилеп өттү. Анткени өлүм жазасын кайтаруу өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келет.
БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертти. Аны менен бирге өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин кошумчалашты.
Эгер өлүм жазасы кайра киргизилсе, өлкө эл аралык милдеттенмелерден олуттуу түрдө алыстайт. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи факультативдик протоколдон чыгуу жолдору каралган эмес. Бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасы боюнча кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышкан”,- деди БУУнун туруктуу координатору Антье Граве.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: