Бишкек-Ош жолунда бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)
Бишкек - Ош жолунда төрт унаа катышкан ири жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, кырсык жолдун 145-чакырымында болгон. Daf жүк ташуучу унаасы алдында бара жаткан Chevrolet Orlando менен кагылышып, андан соң каршы тилкеге чыгып, Honda Stepwgn унаасына урулган. Ошол учурда Chevrolet Orlando дагы бир унаа менен кагышты.
Натыйжада Honda Stepwgn унаасындагы эки тургун каза болуп, төрт адам, анын ичинде бир жаштагы жана үч жаштагы балдар ооруканага жеткирилди.
Бишкек-Ош жолунда бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-11-01
11:57
2025-10-31
17:08
2025-10-29
14:46
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















