super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан кайсыл азык-түлүк менен өзүн толук камсыз кыла алары белгилүү болду

 

Кыргызстан социалдык мааниге ээ 9 азык-түлүктүн ичинен 6 түрү менен өзүн камсыз кыла алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдан тарта өлкө өзүн кумшекер менен камсыздай баштады. Буга чейин картошка, сүт, эт, жашылча жемиштер жана жумуртка менен камсыздап келген. Ал эми калган 3 продукциянын айрым бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалат. Алар: нан азыктары, өсүмдүк май жана мөмө-жемиштер.

"Эт боюнча Кыргызстан өзүн уй эти, кой эти менен 100 пайыздан ашыгыраак камсыздайт. Тоок эти боюнча толук кандуу камсыздоо иштери жигердүү жүрүп жатат.

Ал эми этке болгон баа, коңшу өлкөлөрдө (Өзбекстан, Тажикстан) кыйла жогору. Ошондуктан, убагында дыйкан-фермерлер жогорку киреше табуу максатында аталган продукцияны экспорттоп келишкен",- деп билдирди министрлик.

Ошондой эле эттин баасын туруктуу кармоо максатында, эттин экспортуна тыюу салынганын жана баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: