Болочок кесипти кантип тандоо керек — «Кесипке багыт берүү» айтып берет

Өзүңдүн кыялыңдагы кесипти тандоо эч качан эрте да, кеч да эмес. Бирок, туура чечимди мектеп курагында эле кабыл алган жакшы, анткени бул кийинки окууга даярданууга жана коюлган максатка тезирээк жетүүгө жардам берет. Буга Beeline Кыргызстандын «Кесипке багыт берүү» социалдык долбоору көмөктөшөт.
«Кесипке багыт берүү» — бул мектеп окуучулары жана студенттер, ошондой эле балдарына келечектеги адистигин тандоого жардам берүүнү каалаган ата-энелер үчүн акысыз онлайн платформа. Бул жерде эң ылайыктуу кесиптин түрүн аныктоо үчүн тесттен өтүп, ар кандай багыттар менен таанышууга болот.
Beeline платформасы кыргыз жана орус тилдеринде эң талап кылынган, популярдуу жана келечектүү адистиктер жөнүндө — IT чөйрөсүнөн тартып чыгармачылык багыттарга чейинки 30га жакын видеосабактарды камтыйт. Ар бир кесип жөнүндө бул тармакта ийгиликтүү иштеген таанымал адистер айтып беришет.
Алгачкы төрт сабак баарына, атүгүл катталбаган колдонуучуларга да жеткиликтүү. Ишти улантуу үчүн Beeline номери аркылуу авторизациядан өтүү керек. Катталгандан кийин сиз бардык материалдарга, ошондой эле билимди текшерүү жана бекемдөө үчүн тесттик суроолорго чексиз мүмкүнчүлүк аласыз.
«Кесипке багыт берүү» программасы төмөнкү жаш муундарга абдан пайдалуу болмокчу:
- Болочок кесибин али аныктай элек;
- чечим кабыл алышып, тандаган адистиги жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулушкан;
- мурда ойлобогон кесиптерди кошо алганда, ар кандай кесиптерге кызыгышкан;
- ишенимдүү, аң-сезимдүү жана кызыктуу тандоо жасоону каалашкан.
Эмгек рыногу тездик менен өзгөрүп жатат: азыркы чакырыктар, жаңы кесиптер, келечектеги технологиялар. "Кесипке багыт берүү" долбоору ар кандай адистиктердин реалдуу келечегин көрүүгө, азыркы дүйнөдө кайсы көндүмдөр талап кылынарын жана ийгиликтүү старт үчүн эмне керек экенин билүүгө жардам берет. Өзүңүзгө жакын нерсени тандап, келечегиңизди азыртан баштаңыз.
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
КРнын СӨМне караштуу БТЖСККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















