Чүйдө ири долбоордун курулушуна старт берилди
Бүгүн, 30-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курванбек Авазов Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын ВОССТ-2 жаңы конушундагы 4 гектар жердеги 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча жана сейил бактын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат.
Башкы план боюнча 3,1 гектар жерге 3 кабаттуу окуу корпусу заманбап спорт залы менен курулуп, сырткы футбол, волейбол, баскетбол үчүн аянтчалар каралган. Мектептин курулушу 451 миллион сомго бааланууда.
Ал эми 1,3 гектар жерге жаңы 120 орунга ылайыкталган заманбап эки кабаттуу бала бакча курулат. Объекттин сметалык баасы 96 миллион сомго бааланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















