Агартуу министрлиги мектептердеги кышка даярдык тууралуу маалымат берди
Билим берүү уюмдарынын (балдар бакчалары, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлору) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты.Ал эми Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу министрлиги тарабынан каржыланып келет.
2025-жылга карата республикалык бюджеттен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү уюмдарына (айрым мектепке чейинки уюмдар, бардык түрдөгү мектеп-интернаттар, мектептен тышкаркы мекемелер, балдар үйлөрү) көмүр даярдоо үчүн 156,5 миллион сом каралган. Анын ичинен Баткен облусуна - 121,4 миллион сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы билим берүү уюмдарына 103,3 миллион сом, анын ичинен Баткен облусуна 92,4 миллион сом каражат бөлүндү.
Мындан тышкары, 2025-2026-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү максатында Агартуу министрлиги тарабынан Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2025-жылдын бюджети аркылуу кошумча 45,4 миллион сом бөлүнүп, бул каражат мектептердин от казандарын оңдоп-түзөөгө багытталды.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 95 487,19 тонна көмүр ташылып, көмүр кампаларга түшүрүлдү. Ал 71,04 пайызды түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















