super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Кыш кандай болору белгисиз". Электр жарыгын берүүдө көйгөй жаралабы? (видео)

 

Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов мамлекеттик телеканалдардын бирине курган маегинде кышында өлкөдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн экенин жашырган жок.

Ал Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан аз экенин, таагыраагы, былтыр 13,2 миллиард куб суу топтолсо, быйыл андан 1 миллиард 922 миллион кубга аз экенин айтты. Ысманов кышында электр жарыгы өчүрүлбөшү үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Биз ар бир облус боюнча лимиттерди киргизгенбиз. Анан электр энергиясын колдонуу өлчөмүнөн көз каранды болот. Кыш кандай келет, бул бизге белгисиз. Биз 4 миллиард 300 миллион киловатт-сааттык келишим түзгөнбүз. Анын 1 миллиард 700 миллиону Казакстан, 1 миллиард 180 миллиону Өзбекстан, 1 миллиард 200 миллиону Тажикстан, 255 миллиону Орусиядан алынат.

Алар айтылган электр энергиясын өз убагында толук берсе, анда кышында электр жарыгын өчүрбөй чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз болот. Эгерде бул көрсөткүчтөр аткарылбай калса, бизге бир аз оор болуп калат",- деди ал.

Быйыл кышында өлкөдө электр жарыгы өчүрүлүп турабы? Бул шилтемеден окусаңыз болот.






"Кыш кандай болору белгисиз". Электр жарыгын берүүдө көйгөй жаралабы?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: