Эмгек министри психоневрологиялык мекемени күтүүсүз текшерди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунун Жайыл районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемени пландан тышкары текшерди.
Министрликтен бул текшерүү мекемеден чыгып кетип, үч күндөн кийин каза болгон бейтаптын окуясына байланыштуу болгонун белгилешти.
Министр анда жашоо корпустарын, медициналык жана тамак-аш бөлүмдөрүн, айлананы кыдырып көрдү. Ошондой эле мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен сүйлөшүү өткөрүп, нөөмөт тартиби, тамактануу системи, сейилдөө режими жана кызмат алуучулардын туруктуу көзөмөлү боюнча отчёттор угулду.
"Мамлекеттин камкордугундагы ар бир адам – бул биздин жоопкерчилигибиз. Анын жашоо шарттарына, коопсуздугуна жана көрсөтүлгөн кызматтын сапатына кайдыгерликке жол бере албайбыз. Бул окуя толук жана ачык иликтөөнү талап кылат",- деп белгиледи Сагынбаев.
Жыйынтыгында министр атайын жумушчу топ түзүү жана болгон окуянын бардык жагдайларын кылдат иликтөөнү тапшыруу чечимин кабыл алды.
Министр объекттин коопсуз иштөө режимин камсыз кылган нормативдик-техникалык документтерге инвентаризация жүргүзүүнү жана анын деңгээлин жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















