super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Лувр музейин тоноого шектелип дагы 5 киши кармалды, зер буюмдар табылган жок

 

Францияда Лувр музейин тоноого байланыштуу дагы беш шектүү кармалды. Алар кечээ, 29 октябрда кечинде Париж аймагындагы ар кайсы райондордон бир убакта кармалганын RTL радиосу маалымдады.

Прокурор Лора Бекконун айтымында, шектүүлөрдүн жеке маалыматтарын жарыялоого азырынча эрте. Бирок бул операция учурунда уурдалган зер буюмдар табылган жок.

Эске салсак, буга чейин эки шектүү кармалганы маалымдалган. Алардын бири 34 жаштагы Алжир жараны болуп, Руасси аэропортунан Алжирге жөнөмөкчү болгон учурда колго түшкөн. Экинчи шектүү 39 жаштагы француз жараны. Экөөнүн тең ДНК издери окуя болгон жерден жана скутерлерден табылган. Прокуратура кармалган 2 шектүү күнөөлөрүн мойнуна алышканын билдирди.

Уурулук 19-октябрда болгон. Кылмышкерлер курулуш жүк көтөргүчү менен музейдин Аполлон галереясына кирип, бир нече тарыхый зер буюмдарды уурдап кетишкен. Арасында Наполеондун жубайы Мари-Луизанын, Мария-Амалиянын жана Гортензия де Богарненин коллекцияларынан баалуу асыл буюмдар бар. Зыян көлөмү 88 миллион евро деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: