2030-жылы өлкөнүн ИДП көлөмүн канчага жеткирүү пландалууда?
Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча долбоор талкууланган улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Форумда Касымалиев өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу жылыштар болгонун билдирген.
“Акыркы үч жылдын ичинде орточо экономикалык өсүү темпи 9 пайыздан ашык болууда. Ушул жылдын башынан тартып экономикалык активдүүлүк жогору бойдон туруктуу сакталды. 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 10 пайызга жетти. 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Эгерде 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 313,1 миллиард сомду түзсө, 2025-жылдын аягына карата консолидацияланган бюджеттин ресурстары 1 триллион сом суммасында күтүлүүдө",- деген ал.
Ошондой эле өкмөт башчы өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы кандай багыттарга жетүүгө багытталгана токтолгон. Ал төмөнкүдөй:
- Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү
- ИДП көлөмүн 30 миллиард доллардан кем эмес кылуу
- ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу
- Өлкөнү туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү
- Адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчтү 10 позицияга жакшыртуу
- Жумушсуздукту 5 пайыздан ашырбоо
- 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн 20 пайыздан кем эмес кылуу
- Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДПга карата 60 пайызга чейинки деңгээлде кармоо
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















