super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте өспүрүмдөрдүн катышуусунда дагы жол кырсыгы катталды

 

Бүгүн, 30-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкекте жол кырсыгынан алты өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Осмонкул көчөсүнөн Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу башкаруусун жоготуп, трансформатор жайгашкан күркөнү жана үйдүн тосмосун сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында унаадагы алты өспүрүм оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, унааны жашы жете элек айдоочу айдап баратканы айтылууда. Анын өздүгү такталып жатат. Унаа айып токтотуучу жайга коюлган.

Эскерте кетсек, мындан 1 күн мурун ЖЭБдин жанында өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 мектеп окуучусу каза тапты. Ал эми 18-октябрда Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы жигиттин катшуусундагы жол кырсыгы катталып, 13 жаштагы баланын өмүрү кыйылган.

Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерди өспүрүмдөрдү көзөмөлдөөгө чакырып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: