super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусиялык режиссёрго "Достук" ордени берилди

 

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Орусиянын маданият министри Ольга Любимова менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө орусиялык көрүнүктүү режиссёр Никита Михалковго Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон "Достук" ордени тапшырылган. Өкмөт башчы Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилеп, ага бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, маданиятты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле Касымалиев өз сөзүндө маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: