Садыр Жапаров парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан аралыктан тесттик добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.
Ага ылайык, Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо тилкесинде мамлекет башчысы тесттик добуш берүүгө катышты.
Анда паспорттун жардамы менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин систем анын шайлоо округун жана тилкесин аныктап, бюллетень берди. Президент шарттуу талапкердин каршысына белги коюп, бюллетенди урнага салды.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.
Тест учурунда систем кайталап добуш берүүнүн алдын алуу механизмин да көрсөттү: башка тилкеден онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа бул шайлоочу добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.
Президент шайлоо процессинин ачык-айкындыгын, техникалык даярдыгын жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо тилкелеринин, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоону, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, аралыктан тесттик добуш берүү иш-чарасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өлкөнүн бардык тилкелеринде, ошондой эле Орусиянын айрым шаарларында өткөрүлүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















