super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Словакияда туристтерге тез басууга тыюу салынды

 

Словакия Европада биринчи болуп жөө адамдардын ылдамдыгын чектеген мыйзам кабыл алды. 2026-жылдын 1-январынан тартып тротуарда саатына 6 чакырымдан тез басууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, чектөө велосипед айдагандарга, ролик тебүүчүлөргө жана электросамокат мингендерге да тиешелүү болот.

Депутат Любомир Важни бул чечимди тротуарлардагы коопсуздукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты. Анткени акыркы жылдары жөө адамдар менен самокат айдагандардын кагылышы көбөйгөн. Бирок бул ылдамдыкты кантип көзөмөлдөөрү азырынча белгисиз, камера же полиция катышабы деген маселе ачык бойдон турат.

Жаңы мыйзам коомчулукта талкуу жана тамаша жаратты. Айрымдар "автобуска жетиш үчүн чуркасаң да айып салынат" деп тамашалап, оппозиция бул жобону керексиз деп сынга алды. Медицина маалыматтарына караганда, көп адамдардын табигый басуу ылдамдыгы саатына 4-5 чакырым, демек, кадимкидей тез баскандар да "эрежени бузган" болуп калышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: