Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имараты ачылды (фото)
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, жаш муундардын өнүгүүсүнө арналган жаңы борбордун иштөөсү менен таанышты.
Үч кабаттуу заманбап имарат бардык коопсуздук жана сапаттык талаптарга ылайык курулуп, балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Борбордо сүрөт, кол өнөрчүлүк, хореография, музыка жана башка үйрөтүүчү 25 ийрим иштейт. Жалпы 200 орунга ылайыкташкан борбордо балдар мектептен кийинки убакта кошумча сабактарга жана чыгармачылык ийримдерге катыша алышат.
Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, 30-октябрда толук аяктап, пайдаланууга берилди. Объект толугу менен демөөрчүлөрдүн каржылоосунда курулуп, бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды.
Учурда борбордо 1300 окуучу билим алып жатса, жакынкы мезгилде дагы 500 бала кабыл алынары белгиленди. Эскилиги жеткен имараттан жаңы жана ыңгайлуу жайга көчкөн окуучулар менен мугалимдер жаңы борбордун ачылышын кубануу менен тосуп алып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















