Манас шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өтүүдө
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин төрагасы, Орусиянын Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишовдун жетекчилигинде аталган кеңештин 91-отуруму өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин 8 чек ара мекемесинин делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Отурумдун башында катышуучуларга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.
КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара мекемелеринин, КМШнын антитеррордук борборунун, уюшкан кылмыштуулук жана башка кооптуу кылмыш түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун, ШКУнун аймактык атитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин жетекчилери маалымат менен чыгышты.
Аталган кеңеш 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, кезектеги мезгилге карата тапшырмаларды, анын ичинде биргелешкен атайын чек ара операцияларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландарды аныктады.
Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин чечими менен КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларын кайтарууда жана коргоодо өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары сыйланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















