Ливандын премьер-министри Израилди өлкөнүн эгемендүүлүгүн бузду деп айыптады
Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү Блида айыл өкмөтүнүн имаратына сокку жасап, муниципалдык кызматкерди кызмат учурунда өлтүрдү. Ливандын премьер-министри Наваф Салам муну өлкөнүн эгемендүүлүгүн одоно бузуу деп эсептей турганын билдирди.
"Израилдин Блида шаарына басып кириши жана муниципалдык кызматкерди өз милдетин аткарып жаткан учурда өлтүрүшү - Ливандын мамлекеттик мекемелерине жана эгемендүүлүгүнө каршы жасалган кол салуу",- деп айтылат өкмөт башчынын билдирүүсүндө.
Премьер-министр каза болгон кызматкер Ибрагим Саламдын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Эске сала кетсек, Ливан менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими 2024-жылдын 27-ноябрында АКШ жана Франциянын ортомчулугу менен түзүлгөн. Макулдашууга ылайык, Израил өз аскерлерин 60 күндүн ичинде артка чакырып, ошол убакта Ливандын армиясы чек арага жакын аймакты көзөмөлүнө алышы керек болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















