Трамп Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусун жогору баалап, бажы төлөмдөрүн кыскартты
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Түштүк Кореянын Пусан шаарында болгон жолугушуусун "жогорку деңгээлде" деп атады. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Трамптын айтымында, сүйлөшүүлөрдө көптөгөн маанилүү чечимдер кабыл алынып, тараптар бир катар маселелер боюнча түшүнүшүүгө жетишти.
"Кээ бир майда-чүйдө маалыматтарды жакын арада жарыялайбыз. Бирок эгер нөлдөн онго чейинки шкала менен бааласак, жолугушуу 12 баллга татыктуу болду деп айта алам", — деди Трамп Air Force One бортунда журналисттерге.
АКШ менен Кытай бир жылдык соода келишимине жетишти, ал мөөнөтү бүткөн сайын автоматтык түрдө узартылып турат. Трамптын айтымында, келишимге жакынкы күндөрү кол коюлат.
Соода келишимине ылайык, АКШ Кытай товарларына карата бажы төлөмдөрүн 10 пайызга, тагыраагы, 57 пайыздан 47 пайызга төмөндөтөт. Ал эми фентанилге болгон тариф 20 пайыздан 10 пайызга чейин азайтылат. Өз кезегинде Кытай фентанилдин компоненттеринин АКШга жеткирилишине каршы күрөштү күчөтүүгө убада берди.
Мындан тышкары Кытай АКШнын соя буурчактарын кайрадан сатып ала баштайт жана сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого болгон чектөөлөрдү алып салат. АКШ тараптын маалыматына ылайык, Пекин жаңы экспорттук чектөөлөрдү бир жылга жылдырды.
"Сейрек кездешүүчү металлдар боюнча маселе чечилди. Бул глобалдык маселе болчу, эми Кытай тараптан эч кандай тоскоолдук жок", — деди Трамп.
Жолугушууда ошондой эле Украинадагы кырдаал талкууланды. Трамптын айтымында, тараптар бул багытта биргелешип иш алып барууга макул болушту.
"Кээде тараптар бири-бири менен атаандаш болушу мүмкүн, бирок биз алдыга жылууга аракет кылабыз", — деди АКШнын лидери.
Трамп ошондой эле келерки жылы апрелде Кытайга мамлекеттик сапар менен барарын, ал эми Си Цзиньпин жакын арада АКШга иш сапары менен бара турганын билдирди.
Ал эми Си Цзиньпин Кытайдын башка өлкөлөргө каршы чыгууга ниети жок экенин, тескерисинче, өз ишин тынч жүргүзүүгө умтуларын белгиледи.
Президенттердин Пусандагы сүйлөшүүсү 1 саат 40 мүнөткө созулуп, жабык форматта өттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















