"Кулагыма шыбырап айтып жатат". Ош шаарынын мэри энергетика министрине наам убадалады (видео)
Бүгүн, 30-октябрда Оштогу Кең-Сай конушунда жаңы көмөкчордон ишке берилди. Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аталган көмөкчордондун курулушуна энергетика министри Таалайбек Ибраевдин салымы чоң экенин белгилеп, ага ыраазычылык билдирди.
Андан соң Токторбаев Ибраевге Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов экөө бир чечимге келишкенин айтып берди.
"Кулагыма шыбырап айтып жатат: депутаттар сүйлөшүп, сизге Ош шаарынын ардактуу атуулу деген наам берели дейт",- деди мэр. Буга тамаша менен жооп берген министр "бизге кагаз берип койсоңор эле иштей беребиз" деди.
Андан ары сөзүн улаган министр: "Туура кылдыңыз, балдардын баары кызмат кылып жатышат да",- деди. Мэр убадасына турбаган министрлер бар экенин айтып, Ибраевге аталган сыйлык убадасын аткарганы үчүн берилерин тактады.
Айта кетсек, жаңы көмөкчордон Ош шаарынын Кең-Сай жаңы конушун, ошондой эле Гүлбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулган.
Ош шаарынын мэри энергетика министрине сыйлык убадалады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















