super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ливан президенти армияга Израил аскерлеринин кирүүсүнө каршы турууну тапшырды

 

Ливан президенти Жозеф Авн өз армиясына Израил күчтөрү кургактыктан өлкө аймагына кирүүгө аракет кылса, бөгөт коюу боюнча буйрук берди. Бул тууралуу Ливандын расмий NNA агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Авн Израил армиясы Ливандын түштүгүндөгү Белида кыштагына жасаган рейдден кийин Башкы штабдын жетекчиси Рудольф Хайкел менен Бейруттагы Баабда сарайында жолуккан. Жолугушууда президент рейдде бир адамдын каза болгону тууралуу маалымат алды.

Авн бул окуя Израилдин Ливанга каршы чабуулдарынын бири экенин белгилеп, армиядан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн жана жарандардын коопсуздугун коргоону талап кылды.

Эске салсак, Израил аскерлери түн ичинде Белида аймагындагы муниципалдык имаратка унаалар менен кирип, натыйжада бир кызматкер көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: