super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Бул баланы уруш кыйын..." Камчыбек Ташиев Манас шаарынын башчысын алкады (видео)

 

Бүгүн, 30-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир нече курулуштарга барды. Анын алкагында калаа башчысы Эрнисбек Ормоковду алкап, көп жылдан бери алмашпай иштеп жаткан жалгыз мэр экендигин белгиледи.

"Манас шаарынын мэрин Ташиев ургулаптыр деп жатышат. Бул баланы уруш кыйын, өзү спортчу болсо, кантип урасың? Бул тамаша. Эрнисбек жакшы иштеп жатат. Мамлекетибиздеги алмашпаган, жападан-жалгыз ушул мэр калды. Иштегенине 6 жыл болуп баратат. Мен дагы 2 жыл чыдап иштеп бер деп айтып жатам. Өзү "чарчадым, башка жакка которгула" деп айтып жатат. Биз жардам беребиз. Бөлүп берген каражатты сарамжалдуу пайдаланса эле болду", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Эрнисбек Ормоков Манас шаарына мэр болуп 2020-жылы декабрда шайланып, кийинки жылы июлдагы шайлоодо кайра калаа башчылыгына дайындалган. Ал жакында эле жергиликтүү басылмаларга маек берип, Ташиев бир аз какыс-кукус кылганын билдирген.

Бул кепти алгач Камчыбек Ташиев 31-августта Сузак районуна болгон иш сапарында билдирип, анда Жалал-Абад шаарынын мэри менен шаардык кеңештин төрагасын сабаганын айткан.






Камчыбек Ташиев Манас шаарынын мэрин алкады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: