super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эдил Байсалов Орусиянын маданият министри Ольга Любимова менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү (фото)

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Орусиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.
Эдил Байсалов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен мүнөздөлөөрүн баса белгиледи. Ал маданий өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо өзгөчө роль ойной турганын белгиледи.
Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы Кыргызстандын маданият күндөрүн, ошондой эле азыркы учурда Кыргызстандагы Орусиянын маданият күндөрүн ийгиликтүү өткөрүү белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда маданий байланыштарды андан ары чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: