super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ички тынчтык кайдан табылат? Психолог менен маек

 

Учурда көпчүлүк адамдар сырткы ийгиликке – кызмат, акча, материалдык жетишкендиктерге умтулуп, ички дүйнөсүн унутуп койгон учурлар арбын. Бирок адамдын чыныгы бакыты — жан дүйнөнүн тынчтыгында экенин психологдор, жашоонун даамын издеген адистер көп айтып жатышат.
Жан дүйнө жабыркаганда ал сөзсүз денеге да таасир этет, анткени ички тынчсыздануу оорунун, чарчоонун, маанайдын түшүшүнүн башкы себеби.

Жан дүйнөнү угуу, ички гармонияга жетүү жана аны сактоо жолдору тууралуу SUPER.KG порталынын кезектеги маектеши психолог Жазгүл Беккелдиева айтып берет.

Көкүрөктөгү жан дүйнөнүн тынчтыгын кайдан тапса болот?

– Жан дүйнөнүн баасы жок деп айтып эле келебиз. Бирок сыртыңдан баары жакшы болуп көрүнүп, көөдөндү укпайт экенбиз. Аны кантип угуш керек? Жан дүйнөнүн жабыркашы оору менен же кандайдыр бир көйгөй менен келе баштайт. Ошондо да сырткы жашоо менен калып эле, дарыгерге бара калып, дары-дармек иче калып дарылайбыз. Анын түпкү себебин жай издеп көрбөйт экенбиз. Жумуштан бир күн калчы, сейилдечи, тоого чыкчы, уктачы десе да көңүл бөлбөйбүз. Көпчүлүк учурда кийинкиге калтырабыз. Аалам мыйзамынан караганда, жердеги тартипти катуу карманабыз. Жумушка кечикпей барыш керек, жол эрежесин сакташ керек деген сыяктуу мыйзамды сыйлагандай эле, жан дүйнөнү да уга билиш керек. Бетине кам көрүп, тишиңди тазалаган сыяктуу эле, көөдөндү да карап туруу зарыл.

Эмне кылыш керек?

– Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенде бир максат менен келет. Акчанын артынан кууп алган учурда жан дүйнөнү жоготуп алуу ыктымал. Андыктан ар бир адам ачкычын таап алыш керек. Ал үчүн бала балакатка толгондо эле ата-эне, жакындары аны уга билүү маанилүү. Биз көбүнчө акыл кошуп жиберип жатпайбызбы. Мисалы, эртең дарыгердин окуусун бүтсөң көп акча табасың, банкир бол деген сыяктуу акыл кошуп коёт экенбиз. А балким, баланын жан дүйнөсү ырчы, сүрөтчү же тракторист болууга жакын. Аны укпайбыз да, "ал кесиптер эртең эмнени алып келмек эле?" деп акылга такап коёбуз. Андыктан өз кызыкчылыкты артка таштап, сезимдерди укканды үйрөтүшүбүз керек. Ошондо баланын жан дүйнөсү таза болуп, өзүнүн сүйгөн кесибин тандап, турмушунда жакын адамын таап, жашоосу уланып кете берет экен.

Жан дүйнөнүн жабыркашын кантип сезүү керек?

– Дененин да өзүнүн тили болот. Жан дүйнө жабыркап жатканда дене аркылуу белгилер келет. Ар бир органдын өзүнүн чечмелениши бар экен. Бул психосоматика же дене белгилери десек болот. Мисалы, өпкө жабыркаганда чыгармачылыгыңды таппай жаткан болосуң. Учурда адамдарда боор оорусу көп кездешүүдө. Боор бул ички тең салмактуулукка жооп берет. Эгерде бул оору пайда болгон болсо боордошторуңа, тааныштарыңа өтө жаның кейип жатат же таш боордук кылып жатасың. Башкача айтканда, тең салмактуулукту сактабай жаткандыктан келет. Ал эми боор эң көп гармондорду бөлүп чыгат. Ал башка органдарга тарап, улап кете берет. Качан гана өз катачылыгыңды кабылдасаң, баары ордуна келет. Эркектерге болгон таарыныч да аял кишинин ден соолугуна таасир этип, жатынга залакасын тийгизет. Бул нерсени мен өз башымдан өткөрдүм. 10 жылдан бери ушул тармакта иштеп жаткандыктан, ооруларды дарысыз алдын алууга болорун билип чыктым. Акыркы жолу гинекологго барганымда баары жакшы экенин айтты. Анткен мен таарынычымды коё бердим.

Кайсы ыкмалар жардам берет?

– Эртең менен турганда аффирмация катары ыраазычылык айтууну билиш керек. Анан муздак сууга түшүп, туура дем алуу ыкмаларын, жеңил көнүгүүлөрдү жасоо маанилүү. Мындан тышкары күнүгө максат жазуу жардам берет. Суроо иретинде кайрылып жазып коюңуз. Ал адамдарды себеп кылыппы, же башкабы, сөссүз аткарылат.

Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: