super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Германияда жаңы тренд пайда болду (видео)

 

Германияда жаңы тренд пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолор менен бөлүшүп жатышат.

Анда адамдар сейилдөөгө чыкканда колуна итти байлаган боону кармап алышат. Тренд жасап жаткандар үй жаныбары чындап эле жанында жүргөндөй аракеттерди кылышып, колундагы боо менен сейилдөөгө чыгышат.

Аталган тренд бир караганда кызыктай көрүнгөн кылык-жорук болгону менен, аны жасап жатышкандар тренддин өзүнүн философиясы бар экенин айтышкан. Муну алар стресс, тынчсыздануу жана жалгыздык менен күрөшүүнүн бир жолу катары түшүндүрүшкөн.

Бирок мындай трендди кайталап жаткандарды сынга алгандар дагы жок эмес.

Учурда мындай кыймыл-аракет дүйнөлүк трендге айлана элек, бирок ал Германияда гана эмес, Чехияда, Финляндияда жана Нидерландда да колдонула баштады.






Германияда жаңы тренд пайда болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: