Москва Трамптын өзөктүк сыноолорду кайра баштоо боюнча билдирүүсүнө комментарий берди
Орусия президенти Владимир Путин билдирген "Буревестник" ракетасы жана "Посейдон" учкучсуз аппаратынын сыноолору ядролук сыноо болуп саналбайт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Биз Трампка маалымат туура жетти деп үмүттөнөбүз. Бул эч кандай шартта ядролук сыноо катары кабыл алынбашы керек", — деп билдирди Песков.
Ал ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын ядролук курал сыноолорун кайра баштоо ниети тууралуу комментарий берип, азыр дүйнөдө мындай сыноолорго мораторий бар экенин белгиледи.
"Азыркыга чейин биз кимдир бирөө сыноолорду жүргүзүп жатканын билген эмеспиз. Эгер кандайдыр бир мааниде "Буревестник" сыноосу тууралуу айтылып жатса, ал эч кандай шартта ядролук сыноо эмес. Бардык мамлекеттер өз коргонуу системаларын өнүктүрүп жатышат, бирок бул ядролук сыноо деп эсептелбейт", — деди Песков.
Эске салсак, 26-октябрда Владимир Путин Орусия "Буревестник" канаттуу ракетаны сынаганын жарыялаган. Үч күндөн кийин Путин "Посейдон" суу алдындагы аппаратын да "ядролук энергетикалык түзүлүшү менен" сыноодон өткөнүн билдирди.
Андан соң Дональд Трамп АКШ башка мамлекеттер сыяктуу эле ядролук курал сыноолорун дароо баштай турганын жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















