super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"25 миллиард сом карыз калды". Жапаров энергетика тармагындагы маселелер боюнча комментарий берди

 
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы боюнча комментарий берип, кырдаал акыркы беш жылда кыйла жакшырганын белгиледи.
"2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын. Бирок бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 киловатт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу.
Эл “Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 киловатт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат” деп кайрылышкан. Мен жооп катары “Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула” деп айткам.
Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик. Башкача айтканда мурдагыдай 700 киловатт сааттан ашса 2 сом 16 тыйын деген норманы алып койдук. Ошондон бери 5-10 тыйындан кошулуп отуруп, азыр 1 сом 37 тыйынды түзөт. Эч кандай чектөө жок",-деди Жапаров.
Мындан сырткары өлкө башчы азыр мамлекеттик колдоого муктаж болгондорго, оор шартта жашаган жөлөк пулга муктаж болгон жарандар үчүн "Үй-бүлөгө көмөк" тарифи 1 киловатт саат үчүн 50 тыйын, башкача айтканда керектөөсү 700 киловатт саатка чейин жеңилдик берилип жатканын айтты.
Ошондой эле Жапаров кырдаал учурда беш жыл мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшы экенин, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сом же 1,5 миллиард долларды түзгөнүн кошумчалады.
"Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 миллиард сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону 5 жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик.
Кышкы тартыштык боюнча Кара-Көл ГЭСинин ачылышында айттым. Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электроэнергияны импорт кылып албай, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз, кышкысын өчүрүү болбойт деп турабыз", -деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: