The Telegraph: Украинадан акыркы айларда 100 миңге жакын адам чыгып кеткен
The Telegraph гезитинин маалыматына ылайык, Украинадан 22 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн эркин чыгууга уруксат берилгенден кийин, жүз миңге жакын жаш украин жараны өлкөдөн чыгып кеткен. Бул маалыматты басылма Польшанын чек ара кызматынын маалыматтарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, август айынын аягынан бери Польшанын чек арасын 99 миңдей украиналык жаран кесип өткөн.
Белгилүү болгондой, августтун ортосунда Украина президенти Владимир Зеленский 18 жаштан 22 жашка чейинки эркектерге чет өлкөгө чыгуу тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө тапшырма берген. Анын айтымында, бул кадам көптөгөн жаш украиндерге Украина менен байланышын сактап, билим берүү жаатында өзүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Эске салсак, 2022-жылы Украинада аскердик абал киргизилген. Анын алкагында 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге аскер бийлигинин атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















