Зеленский аскердик абалды жана мобилизация мөөнөтүн узартты
Украина президенти Владимир Зеленский өлкөдө аскердик абалдын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө, тагыраагы, 2026-жылдын 3-февралына чейин узартуу тууралуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу маалымат Украинанын парламентинин Telegram-каналында жарыяланды.
"Владимир Зеленский 2025-жылдын 5-ноябрынан тарта аскердик абал менен жалпы мобилизацияны 90 күнгө узарткан мыйзамдарга кол койду", - деп айтылат маалыматта.
21-октябрда Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк парламент Украинанын аймагында аскердик абалды жана жалпы мобилизацияны дагы үч айга узартуу демилгесин колдогонун билдирген.
Буга чейин 15-июлда Жогорку Рада аскердик абал менен мобилизацияны ушул жылдын 5-ноябрына чейин узартууну жактырган. Ал учурда 320 депутат макул болуп, бирөөсү каршы чыккан.
Украинада аскердик абал 2022-жылдын 24-февралында киргизилген, ал эми бир күндөн кийин президент Зеленский жалпы мобилизация жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















