Нью-Йорктогу асман тиреген имаратты оңдоо үчүн канча каражат талап кылына турганы айтылды
АКШда Манхэттендеги дүйнөдөгү эң кымбат турак жайлардын бири катары белгилүү 432 Park Avenue асман тиреген имараты олуттуу техникалык көйгөйлөргө туш болду.
The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, имараттын бетон фасадында жүздөгөн жаракалар жана чуңкурлар табылган. Эксперттердин айтымында, имаратты оңдоо иштери жүздөгөн миллион долларды түзүшү мүмкүн.
Адистер эскертишкендей, эгер маселе өз убагында чечилбесе, имарат жашоого жараксыз абалга келип, жөө жүргүнчүлөр үчүн да кооптуу болуп калышы ыктымал. Мындай кырдаалга куруучулардын ак бетонду колдонуу чечими себеп болгон, ал кадимки материалга караганда анча бекем эмес болуп чыккан.
Басылма инженерлер бул кооптуулук тууралуу 2012-жылы курулуш жаңы башталганда эле эскертишкенин жазды.
Имараттын ичиндеги тургундар жылдар бою лифттердин бузулушу, суунун кетүүсү жана шамал болгондо имараттын силкинүүсү сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп келишкен. Daily Mail маалыматы боюнча, фасадды оңдоого 160 миллион доллардан ашык каражат керектелет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















