АКШ Орусиянын ордуна Кытайга газ жана мунай жеткирүүгө даяр экенин билдирди
АКШ Орусиянын ордуна Кытайга газ жана мунай жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын энергетика министри Крис Райт Bloomberg басылмасына билдирди.
"Орусиянын мунайын жарымын азайта алабызбы жана рынокту салыштырмалуу тең салмактуу кармай алабызбы? Албетте, биз жасай алабыз", — деди Райт. Ал кошумчалагандай, учурда АКШ Орусия же Сауд Арабияга караганда 50 пайызга көп мунай өндүрөт.
Кытай — дүйнөдөгү эң ири газ жана мунай импорттоочу өлкө, ал эми АКШ — эң ири экспорттоочу. Министр өлкөлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу келишим түзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Ошондой эле, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай америкалык энергиялык ресурстарды сатып алууга макул болгонун билдирди. Трамптын айтымында, жакынкы келечекте эки өлкөнүн өкүлдөрү энергетикалык келишимди талкуулоо үчүн жолугат. Мындан тышкары, тараптар соода келишиминде макулдашышып, АКШ Кытайдан импорттолгон товарларга салынган бажы төлөмдөрүн 10 пайызга азайтып, 47 пайызга чейин түшүрөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















